Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:43

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин кезектеги жаңы сунушу паспорт берүүнү жеңилдетүү болууда. Анын ичинде “сыртка чыгуу визасын” жоюу маселеси бар. Бирок, элдин чет өлкөгө эркин чыгып кирүүсүн чектеген бул эреже ишке ашарынан күмөн саноо да жок эмес.

Президент Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстанга кирүү-чыгуу процедурасын өзгөртүү сунушу өлкөнүн 2017-2021-жылдардагы өнүгүү стратегиясында камтылган. Өзгөртүү дегенде Өзбекстандан чет өлкөлөргө чыккан жарандар үчүн берилчү “чыгуу визасы” деп аталган эрежени жоюуну түшүнсөк болот.

Эгер ал жоюлса дүйнөдө өз жаранына сыртка чыгууга уруксат берип же бербей кое ала турган бир гана Түндүк Корея калат дейт “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Замира Шукур.

Буга чейин акыркылардан болуп чыгуу визасын 2013-жылы Куба жойгон.

Президенттин бул сунушун тогуз мамлекеттик мекеме карашы керек. Замира Шукурдун айтымында, чыгуу визасын алууга Тышкы иштер министрлиги макул болгону менен, Ички иштер министрлиги жана атайын кызмат көнбөй жатат. Эгер мунаса табылып, оң жооп чыкса тогуз айдан кийин чыгуу визасы жоюлушу керек. Эгер андай болсо кесепети карапайым элге эле тиет.

- Ар бир-эки жыл сайын толтура, жан чыдагыс текшерүүлөрдөн өтүп, ага кошумча дагы ошончо документ топтоо зарыл болот. Миллиондогон өзбекстандыктар чет өлкөдө иштеп, бала-чакасын багат эмеспи. Алар эки жыл сайын мекенине келип тура албайт да. Анан калса мыйзамда ал документ эки жумада берилет дегени менен иш жүзүндө үч айга чейин ала албагандар бар. Анын үстүнө ал жерде кезек чоң, коррупция. Эл иштеши керек да. Жумуш берүүчү аны үч ай күтө алмак беле? Анан калса ошол визаны береби же бербейби деген күмөн саноо бар, - дейт Замира Шукур.​

Бул визанын эки түрү бар. Бири - алыскы чет өлкөгө чыккандар үчүн. Ал жалпы жарандык паспортко чапталат. Ал эми Орусия, Кыргызстан сыяктуу жакынкы өлкөлөргө баргысы келгендерге ИИМдин мөөрү коюлат.

Негизи документтин баасы 30 доллар. Бирок, күттүрбөй берүү үчүн жең ичинен акча алынары, бул түйүн коррупция булагынын бири экени айтылып эле жүрөт.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын жазышынча, чыгуу визасы өзбекстандык оппозиция өкүлдөрүнө, сынчыл көз караштагы башка активисттерге берилбейт. Мына ушундан улам айрым бийликке каяша айткандар чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аргасыз болушкан. Аларга адегенде мына ушул талапты бузганы үчүн кылмыш иши козголуп келет. Андай түйшүккө чыдап келгендер Мирзиёев электрондук кабылдама ачып, ачык кат жазгыла дегенден кийин дароо петиция жазышкан болчу.

Эки тизгин бир чылбырды колгон алгандан кийин эл турмушуна тикелей тиешеси бар маселелерди көтөргөн, ишкерликти колдоп, күч түзүмүн теске салып, коңшулар менен алаканы оңдоо далалатын көрсөтүп жаткан президент Мирзиёевде сунуштар көп, бирок ишке ашар бекен дейт Замира Шукур:

- Сунуштар өтө көп. Аларды эл, менимче, 25 жыл күткөн. Элдин көңүлүн көтөргөн, тиги жакта чоң өзгөрүү, бул жакта мындай жылыштар деген популисттик сунуштарды президент көп эле айтып атат. Бирок, алар ишке ашабы деген маселе бар да. Мисалы, валюталык саясатты либералдаштырууну алсак. Бул боюнча талкуу 14-декабрда эле аяктаган. Бирок, ал эмне болду, кабыл алынабы, кимдир бирөө анын үстүндө иштеп жатабы дегенге бийликтен эч кандай билдирүү жок.

Деген менен жаңы президенттин оозунан чыккан ар бир сөзү аткарыларына ишенүү али эрте дешет өзбекстандык талдоочулар.

Маселен, президенттикке шайлангандан эки күндөн кийин Шавкат Мирзиёев байманалуу 27 өлкөгө виза режимин жойгон. Бул аймактагы туризмди өнүктүрөт, чет элдик инвестицияга жол ачат деп көпчүлүк кубанышкан эле. Андан көп өтпөй эле бул чечимин өзгөртүп, эми ал план 2021-жылдан тарта гана ишке кирет деп атышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG