Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Кыргызстан-Грузия дипломатиялык мамилесине 25 жыл толду


Буга байланыштуу эки мамлекеттин президенттери куттуктоо телеграммалары менен алмашты. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жиберген телеграммада эки өлкөнүн чейрек кылымдык мамилеси алкагында биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнгө салынганы белгиленген.

Мамлекет башчы куттуктоосунда кыргыз тарап өз ара кызыгуу жараткан бардык чөйрөдө кызматташууну активдештирүүгө толук даяр экенин билдирип, Грузиянын президентине бекем ден соолук, бакыт-таалай, ал эми грузин элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.

Президент Георгий Магвелашвили жолдогон телеграммасында кыска мезгил аралыгында Кыргызстан менен Грузия эки тараптуу мамиледе да, эл аралык аренада да өз ара пайдалуу өнөктөштүккө жетише алганы белгилеген.

“Грузин-кыргыз элдеринин ортосундагы тарыхый достук жана кызматташтык мамиле чыңдалат жана өнүгө берет деп ишенем”, -деген Георгий Магвелашвили Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн ийгиликтерди каалаган.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG