АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Стамбулдагы мунай конференциясы учурунда Түркиядагы өткөн жылкы төңкөрүш аракетин эстеп, ага каршы чыккандарды мактады.
"Дээрлик бир жыл мурда түрк эли, эр жүрөк эркектер менен аялдар, төңкөрүштү уюштургандарга каршы туруп, өз демократиясын коргоп калышты. Мен алардын эрдигин тааныйм жана 15-июлдагы окуялардын курмандыктарын урматтайм", - деди Тиллерсон.
АКШ мамкатчысы бул ирет Түркия өкмөтүнүн миңдеген адамдарды төңкөрүшкө тиешеси бар деп айыптап, куугунтуктап келгенин эч сөз кылган жок.
Түркияда 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети учурунда 240тай киши өлгөн. Түрк бийлиги буга АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленди айыптап, анын тарапташы деп шектелген кеминде 40 миңдей адамды камады. Жумуштан айдалгандар - 100 миңден ашуун.
Түрк бийлиги Гүленди өткөрүп берүүнү Америка Кошмо Штаттарынан талап кылса, расмий Вашингтон тиешелүү далилдерди сураган. Окуядан кийинки "тазалоолорго" байланыштуу Вашингтон менен Брюссел расмий Анкараны сындап келет.