Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Женевада Сирия сүйлөшүүлөрү өтүүдө


Женевадагы мурдагы талкуулардын бири
Женевадагы мурдагы талкуулардын бири

10-июлда Женевада Улуттар Уюмунун камкордугу менен Сирия өкмөтү жана оппозиция өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүлөрү башталды.

Сүйлөшүүнүн жетинчи раунду АКШ, Орусия жана Йордания ортомчулугу менен жетишилген ок атышпоо макулдашуусунан бир күндөн кийин өтүүдө.

Оппозиция өкүлү Яхья ал-Аридиа "Франс пресс" агенттигине кезектеги сүйлөшүүдөн өтө көптү күтпөй турганын айтты. Мындан мурда дагы Женевада өткөн алтынчы айлампа сезилерлик натыйжа берген эмес.

Оппозиция кандай гана макулдашуу болбосун президент Башар Асад кызматтан кетиши керек деп талап коюп келатат. Ал эми Сирия өкмөтү Асаддын ролу талкууланбайт деген бек турумда.

Женевадан тышкары Орусия, Түркия жана Ирандын кепилдиги менен Астанада да сүйлөшүүлөр өтүүдө.

XS
SM
MD
LG