Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Мигранттардан келген акча көбөйдү


Kyrgyzstan - money, som, debt, credit
Kyrgyzstan - money, som, debt, credit

Улуттук банктын маалыматы боюнча, май айында мигранттардан 61 млн доллар келген.

Жалпысынан жыл башынан бери Кыргызстанга 851,5 млн доллар которулган. Ал эми сыртка кеткен акчанын көлөмү 156,3 млн доллар. Сырттан которулган акчанын негизги бөлүгү Орусиядан келген.

Улуттук банктын маалыматына караганда, өткөн жылы чет мамлекеттердеги кыргызстандык эмгек мигранттары 1 миллиард 991 миллион доллар которгон. 2015-жылы мигранттардан келген акча 1 миллиард 168 миллион долларды түзгөн.

Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттардан келген каражат Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30 пайызга жакын бөлүгүн түзөрүн билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG