Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 03:23

Орусия Агеевдин айткандарын жокко чыгарууда


Луганскиде украин аскерлери туткунга алган Виктор Агеев орус армиясында келишим менен кызмат өтөгөнүн Орусиянын коргоо министрлиги жокко чыгарды.

Түштүк аскер аймагынын басма сөз кызматы Виктор Агеев төрт күндө эле келишим түзө калып, кызмат өтөшү мүмкүн эместигин, буга кеминде бир ай кетерин маалымдады.

Украин телеканалына берген маегинде орусиялык жаран Виктор Агеев Новочеркасскиде, Орусиянын аскер-космос күчтөрүнүн окуу жана байланыш полкунда кызмат өтөрүн билдирген. Ал 2017-жылдын март айында Ростовго келип, Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө келишим түзгөнүн айтууда. Агеевдин сөзү боюнча, ал өзүнүн бөлүгүнө келип, төрт күн ичинде келишим түзүп, Донбасска жиберилген.

Виктор Агеев Луганскиде кармалып, тергөө абагына киргизилген. Орусиянын коргоо министрлиги ал армиядан өткөн жылы май айында запаска бошотулганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG