Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Трамптын уулу Конгресс менен кызматташууга даярдыгын билдирди


Кичүү Дональд Трамп бул тууралуу конгрессмендер андан өткөн жылы президенттик шайлоо алдында орусиялык адвокат Наталья Весельницкая менен жолукканы тууралуу маалымат берүүсүн талап кылгандан кийин билдирди.

Ал Твиттердеги баракчасына "Өзүмдүн билгенимди айтып берүү үчүн комитет менен иштешүүгө даярмын" деп жазды. Бул анын сенатор Сьюзан Коллинздин Сенаттын Чалгын комитетинен Трамптын штабында орусиялык адвокат менен жолугушкандарды суракка чакыруусун талап кылган сөзүнө жооп болду.

Чалгын комитети президент Трамптын уулу жана жолугушууга катышкан башка адамдар менен да сүйлөшүүнү максат кылып жатканын билдирди.

New York Times гезити шайлоо өнөктүгүнүн алдында кичүү Дональд Трамп Хиллари Клинтонго байланыштуу маалыматтарды сунуштаган орусиялык адвокат Наталья Весельницкая менен жолугушканын жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG