Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 8-июль күнү Бостери айылынын тургуну Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган.
Анда айыл тургуну акча алмаштыруу жайында иштерин билдирип, ошол күнү саат 13.00 чамасында европа түспөлүндөгү белгисиз адам 500 номиналындагы төрт даана 2 миң евро алмаштырганын жана алар жасалма экенин байкаганын билдирген. Милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жаранды кармашкан.
Кармалган адам 54 жашта. Валерий аттуу беларус жараны. Ал буга чейин да Чүй облустук милициясы алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөнү аныкталган. Азыркы учурда кармалган адам Чүй облустук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлгөн.(AsM)