Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:59

"Кумтор Оперейтинг Компани" ишканасынын сайтындагы маалыматка караганда, 9-июлда Кумтөр кенине күйүүчү май жеткирүү үчүн бараткан автоцистерналардын бири коопсуздук бермасын сүзүп алган.

"Оодарылып кеткен цистерна технологиялык трассадан чыгып, эңкейиш жерге кулап, андагы жети тоннага жакын дизель төгүлгөн", - деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Компания төгүлгөн май эч кандай сууга аралашпаганын, анткени ал чектелген гана аймакка жайылып, булганган жер ошол эле күнү толук тазаланганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, автоцистернанын айдоочусу жеңил жараат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кабар берилген.

1998-жылы 20-майда Кумтөр алтын кенине цианид тартып бараткан жүк ташуучу машина көпүрөдөн кулап кеткен. Натыйжада 1700 килограмм цианид Барскоон суусу аркылуу Ысык-Көлгө төгүлгөн, мындан жергиликтүү эл, жаратылыш жабыркаган.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG