Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Тажикстанда "Фароз" компаниясы медициналык лабораторияларды орнотту

«Фароз» жеке компаниясы Тажикстандын медициналык мекемелерине 600дөн ашуун экспресс-диагностика лабораторияларын орнотту. Аталган компаниянын көзөмөл пакети президент Рахмондун туугандарына таандык экенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкан.
«Фароз» компаниясы лабораторияларды «Мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтык тууралуу» мыйзамдын алкагында орноткону айтылууда.

Жаңы лабораторияларда ДНК тести, генетикалык жана иммунологиялык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги лабораториялардын кызматын пайдалануу акысыз болбой турганын кабарлады.

Тажикстанда диагностика тармагы Дүйшөмбүдөгү «Нурафзо» компаниясы менен Авиценна атындагы клиникага таандык болчу. Жергиликтүү эксперттер мындан ары бул багытта «Фароз» компаниясы лидерликке чыгат деп божомолдоп жатышат.

Мурдараак "Фароз" компаниясы жаңы бажы терминалын куруп пайдаланууга берген. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү Тажикстанга мунай жана суюлтулган газ импорттоо болуп саналат. Ошондой эле аталган компания ооган базарына күйүүчү май жеткирүү менен алектенет.

XS
SM
MD
LG