Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:34

Кыргызстандыктар атайын лаборатория жоктугунан ДНК-анализди АКШга же коңшу Казакстан, Орусияга жиберүүгө мажбур. Тууганчылыкты аныктоо жабдуулары жок болгондуктан, соттук-медициналык экспертиза да аксап келет.

Учурда алты миллионго жакын калкы бар Кыргызстанда ДНК-анализди аныктоочу жай жок. Мунун айынан муктаж болгондор коңшу өлкөлөргө же чет мамлекеттерге барууга аргасыз.

Соңку кезде медициналык бул кызматка өлкөдө талап күчөдү. Айрыкча ортодогу күмөн саноого чекит койгусу келген жубайлар мындай лабораторияга кайрылууга аргасыз.

Алиман аттуу Бишкектин тургуну мына ушул ыкманын жардамы менен жакын кайнисинин үй-бүлөлүк чырына чекит коюлганын айтып берди:

- Эжемдин баласы шашып үйлөнгөн. Балалуу болгондон кийин келин экөөнүн мамилеси келишпей, улам эле уруша беришти. Кийин ал чатак балага байланыштуу экенин билдик. Инибиз "менин балам эмес" десе, келин буркурап ыйлап "сеники" дейт. Мунун айынан ызы-чуу көп болду. Ошентип уруштан тажаганда бир таанышыбыз ДНК-анализ тапшырууну сунуштады. Бишкектеги "Бонецкий" аттуу лабораторияда гана мындай анализ тапшырса болот экен. Бала менен инимдин шилекейинен анализ алышты. 20 күнгө жетпей жыйынтыгы келип, бала биздики эмес болуп чыкты. Биологиялык атасы башка адам экен. Ошондон кийин ажырашып кетишти.

ДНК-анализ шектенген аталардын акыркы үмүтү

Акыркы жылдары ДНКнын жардамы менен аталыгын тастыктагандар көбөйүүдө. Айрым адистер алар алименттен качып бул кадамга барарын айтса, кээ бири буга ар кандай турмуштук жагдайлар түртөөрүн айтышат.

Кыргызстанда ДНК- анализди азырынча “Интелмед” (эл арасында "Бонецкий" деп айтылып жүрөт) лабораториясы чет мамлекетке жөнөтүп, аныктап жүрөт.

- Бизде бул анализ эки жол менен алынат. Эгер кардар өзү үчүн ала турган болсо, анын жол-жобосу башкача. Кокус сот аркылуу жарандык иш каралса, (алимент же башка маселелер), анда бизге соттон аныктама келиши керек. Ошонун негизинде юридикалык тест жасалат. Көбүнчө баланын атасын аныктоо үчүн кайрылышат. Кээде күйөөнүн ата-энеси, туугандары "биздин неберебизби, биздин каныбызбы билип бергиле" деп кайрылышат, - деди лабораториянын адиси Асел Егембердиева.

Дактилоскопиялык анализди чогулткан Кыргызстандагы бул лаборатория Кошмо Штаттардагы бир изилдөөчү компания менен келишим түзгөн. Анализдер ошол жакка жиберилип, эки аптанын ичинде кайра келет.

“Интелмед” лабораториясынын жетекчиси Ольга Иванова учурда эл арасында ДНК-анализ жасатууга талап өскөнүн айтып берди:

- Азыр түштүк аймактарда анализди Оштон чогулта баштадык. Эл бул жаатта сабаттуу боло баштады. Биздин кызматка талап да артып баратат. Теледен көрүшөт. Анан ушундай изилдөөнү жасаталы дегендер болот. “Интелмедде” тирүү кишилердин гана ДНК-анализи алынат. Аны тапшырып жаткан адамдын таңдайындагы шилекейинен үлгү алынып, ал 14 күн ичинде АКШга жөнөтүлөт. Баасы 18 миң сомдон жогору. Бирок кымбаттыгына карабай, айына жок дегенде эки-үч жолу анализ чогултуу болуп турат.

"Күйгөн сөөктү Москвага жөнөтөбүз"

Ал эми криминалистикада жана соттук-медициналык изилдөөдө ДНК- анализди аныктоодо адистер Орусия менен Казакстанга кайрылууга аргасыз. Соттук-медициналык экспертиза департаментинин өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн башчысы Эрмек Максүтов мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- ДНК-анализин чыгарган лаборатория бизде жок. Кээде адамдын сөөгү таанылбай калган учурлар болот. Андай кырдаалда маркумдун туугандарынан макулдук алып, анализди чет өлкөгө жиберебиз.

Кыргызстанда ДНК-анализди аныктоого талап курчуп жатканы менен мындай лабораторияны куруу демилгеси көтөрүлө элек. Эрмек Максүтов мунун жайын мындайча түшүндүрдү:

- Андай лабораторияны куруу өтө көп каражатты талап кылат. Демилге көтөрүп, ачкан күндө да бизде бул жаатта кесипкөй адистер жок. Москва же Астана менен сүйлөшүп, адисти ошол жактан окутуп өтө мыкты деңгээлде даярдоо маселеси да акчага көз каранды.

Жеке эле соттук-медицинадан тышкары онкологиялык оорулар жана башка оор дарттарды дарылоодо жана аныктоодо маанилүү болгон ДНК маалыматтардын базасы АКШ, Канада, Жапония, Кытай жана Түштүк Америкадагы айрым өлкөлөрдө бар. Эң чоң ДНК кампа Британиянын улуттук ДНК базасы болуп саналат. Анда 2015-жылы 5,7 миллион кишинин гени тууралуу маалымат топтолгон.

Медицинада ДНК-анализдин пайда болушуна британиялык генетик Алек Жеффрис себепчи болгону айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG