Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Тоң районунун акими алмашты


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Таалайбек Ажиев Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт башчынын буйругу менен башка ишке өткөнүнө байланыштуу мурдагы аким Улан Эсенгул уулу кызматтан бошотулган.

Жаңыдан кызматка дайындалган Таалайбек Ажиев буга чейин Балыкчы шаардык салык кызматынын башчысы болуп эмгектенип келген.

Кыргызстанда былтыр Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, район акимдерин премьер-министр кызматка дайындап, бошото алат. Ага чейин район башчыларын жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйыны шайлоо негизинде тандачу.(BkA)

XS
SM
MD
LG