Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Бишкекте Текебаевдин соту уланды


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун сотунда Жогорку Кеңеш депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов күбө катары көрсөтмө берүүдө.

Ал буга чейинки процесстерде көрсөтмө берген Леонид Маевскийдин сөзүн четке кагып, тергөө иштеринде көрсөтмө берген Өмүрбек Абдырахмановдун сөзүн да партия лидерлерине жеке таарынычы болгону үчүн, бирөөдөн уккандарын маалымат кылып айтып жүрөт деп билдирди.

Шыкмаматовдон тышкары бүгүнкү жараянда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков да көрсөтмө берери күтүлүп жатат.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов иш боюнча элүүгө чукул күбө бар экенин "Азаттык" радиосуна билдирген. Алардын ичинде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева баштаган көпчүлүк мүчөлөрү, парламент депутаттары жана башка адамдар бар.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновго "Мегаком" ишканасына байланыштуу кылмыш иши козголуп, 26-февралда камалган. Алар муну бийликтин куугунтугу катары баалап келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG