Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:18

Бишкекте кыргыз-америка бизнес форуму өтүүдө


Кыргызстандын Президентинин аппаратынын жетекчиси С.Исаков. 30.5.2017.

Бишкектеги “Хаятт” мейманканасында Кыргызстан жана АКШнын бизнес форуму өтүп жатат. Форумга Кошмо Штаттардан келген ишкерлер тобу катышууда. Алардын катарында AGCO, Baker & McKenzie жана General Electric, AES, Mobilized Construction, Coca-Cola жана башка компаниялардын өкүлдөрү бар экенин Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлашты.

Учурда форумдун алкагында Кыргызстандын Президентинин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков “Таза коом” программасы тууралуу маалымат берүүдө.

Бул эл аралык ишкердик шериненин жүрүшүндө америкалык ишкерлер Кыргызстандагы ишкерлер чөйрөсү менен баарлашып, өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат.

Бизнес форумду Экономика министрлиги менен Кыргызстандагы Американын соода палатасы (AmCham) уюштурууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG