Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:16

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы автоунаа кырсыгынын айынан бир киши каза болуп, 16 киши жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында “Мерседес Бенц” жана “Вито Минивен” үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Кырсыктан жабыркаган 13 адам ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор, алар реанимацияда жатат.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 2582 жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 307 киши набыт болуп, 3835 адам жараат алган.

Бул өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда 4,2% көп.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG