Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Тиллерсон Илхам Алиев менен жолукту

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон дүйшөмбүдө Түркиянын Стамбул шаарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту. Азербайжан президентинин расмий сайтынын кабарлашынча, Рекс Тиллерсон менен Илхам Алиев эки тараптуу алакаларды, энергетика тармагындагы кызматташуу жана Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулашты.

Илхам Алиевдин сайтында Тиллерсон Азербайжандын Ооганстандагы тынчтык орнотуу операцияларына кошкон салымын жогору баалаганы жазылган.

Президент Алиевдин өкмөтү сөз эркиндигин чектеп, бийликке каршы чыккандарды кескин басканы үчүн сынга алынып келет.

Стамбулда Тиллерсон быйыл Түркияда 9-10-июль күндөрү өткөрүлгөн Дүйнөлүк мунай форумуна катышты.

XS
SM
MD
LG