Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:38

Москвада өрттөн жабыркагандардын туугандары изделүүдө


Өрт чыккан соода борбору

Москвадагы “РИО” соода борборундагы өрттөн жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын жакындары изделип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон 28 жаштагы Рахатай Абдуллаева жана Таалайкан Нарбекова аттуу эки кыргызстандык жараат алган. Бул жарандар учурда оор абалда Москвадагы ооруканалардын биринде жатат.

ТИМ бул жарандардын жакындарын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен кабарлашууну суранды.

10-июлда Москванын түндүгүндөгү соода борборунда өрт чыккан. Андан 18 адам жараат алганы кабарланган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG