Бишкекте “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын XII курултайы өттү. Анда партиянын атынан 15-октябрда өтчү президенттик шайлоого лидери Адахан Мадумаровду көрсөтүү талкууланды. Курултайга партиянын мүчөлөрү катышып, учурдагы абал боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү. Иш-чарага катышкан саясатчы Акматбек Келдибеков буга чейин түзүлгөн үчилтиктин күчүндө экенин эскертти.
Жыйынтыгында Адахан Мадумаровду президенттикке көрсөтүү чечими кабыл алынды.
Буга чейин Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров үчилтик тандемин түзгөн. Бирок президенттик шайлоого катышуу ниетин экс-спикер Акматбек Келдибеков билдирип келет.
Буга чейин Жогорку Сот Келдибековдун соттуулугу алына электигин эскертип, шайлоого катышууга мыйзам жол бербей турганын билдирген эле.(BkA)