Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Нарында алтын кошулмаларын уурдоо аракети болду


Нарын районундагы Солтон-Сары кениндеги “Кыргызалтын” ишканасынын кампасынан алтын кошулмаларын уурдоо аракети болду.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 8-июлда Эмгекчил айылынын 30-40тай тургуну кампага уруксатсыз кирип, алтын кошулмаларын жүктөп кетүүгө аракет кылган. Милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен мындай аракет токтотулган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Эмгекчил айылынын 23 тургуну кармалды. Учурда иликтөө иши жүрүп жатат.

Бул окуя боюнча жыйын өтүп, “Кыргызалтындын” кампасынын жанына күндүр-түндүр милиция постун коюу чечими кабыл алынды.(BkA)

XS
SM
MD
LG