Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Рахмон элин сакал койбоого жана хижаб кийбөөгө чакырды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 11-июлда өлкө калкына кайрылып, сакал өстүрбөөгө жана хижаб кийбөөгө чакырды.

Президент бул тууралуу "Салттарды, үрп-адаттарды жана салтанаттарды тартипке салуу" мыйзамынын кабыл алынышынын он жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

Рахмон хижаб жана кара түстөгү аялдардын кийими тажик элинин салтына каршы келерин, ал эми сакал сөзсүз эле динчилдиктин белгиси эместигин айтты. Ал тажикстандыктарды "кудайды жүрөгү менен сүйүүгө" чакырып, "жаратканга берилгендигин" тышкы атрибуттар менен көргөзбөөгө чакырды.

Рахмон ошондой эле жарандар "тажиктердин таза маданиятын сактап", Интернет аркылуу жайылып жаткан "башка маданияттарга жана салттарга каршы турушу" керектигин кошумчалады.

Рахмондун өкмөтү калкы 8,5 миллионго жеткен мамлекетте светтик принциптерди бекемдөөгө чакырып келет.

Тажикстан бийлиги мектеп окуучуларына жоолук салынууга, өспүрүмдөрдүн мечитке барышына тыюу салып, чет жактагы диний окуу жайларда билим алган миңдеген тажик жаштарын артка кайтарган. Буга Ирак жана Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал уюмуна кошулган тажик жарандарынын саны көбөйгөнү түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG