Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Тажикстан: ажыга баруу курагы дагы чектелди


Ажылык зыяратындагы тажикстандыктар. 2014-жыл
Ажылык зыяратындагы тажикстандыктар. 2014-жыл

Кыркка чыга элек тажикстандыктар мындан ары ажылыкка бара алышпайт. Өкмөт жаңы токтом менен мурдагы чектөөнү ушинтип өзгөрттү. Ага ажылыкка барууну каалагандардын көптүгү себеп делет. Бирок мындай чечим жарандардын укуктарын одоно бузат дегендер да бар.

Тажикстанда ажылык жаатындагы курактык чектөө алгач 2010-жылы киргизилген. Анда 18ден жаш, 80ден кары адамдарга Мекке менен Мединага зыяратка барууга тыюу салынган. Ал эми 2015-жылы өкмөт төмөнкү курактык чекти 35ке көтөргөн.

Бул ирет Тажикстандын дин иштери, салт-жөрөлгөлөрдү иретке салуу боюнча комитети ажылыкка уруксат курак 40 жашка көтөрүлгөнүн ырастады.

Бул чектөө бирок умра же кичи ажылыкка тиешеси жок.

Мусулманчылыктагы беш парздын бири, негизги ажылык зыяратка Тажикстандан жылына 6 миңдин тегерегиндеги адам барат. 8,5 миллион тажикстандык үчүн квотаны «миң адамга бир ажылык» принцибине ылайык бөлүштүрүү тууралуу Душанбенин өтүнүчүн Сауд Арабиясы канааттандыра элек.

Ошондуктан өкмөт бул чечимин ириде улгайган адамдардын ажылыкка баруусун камсыздоо максатында кабыл алганын билдирүүдө.

- Көптөгөн адамдар зыярат кылыш үчүн түрдүү жолдорду таап атышат. Ошондо бизден ажылыкка баргандардын саны квоталардан көп болууда. Кезек чоң. Өзгөчө борбор Душанбеде, Исфара, Гисар, Турсунзаде жана Рудаки сыяктуу чоң шаар жана аймактарда узун кезек бар, - дейт Дин иштери боюнча комитеттин маалымат катчысы Афшин Мумин.

Ошол эле учурда аталган комитеттеги «Азаттыктын» тажик кызматынын атын атагысы келбеген булагы курактык чектөөдөн жана каржылык каатчылыктан улам өлкөнүн айрым аймактарында ажыга барчулар азайып кеткенин айтат.

Мындай шартта чектөөнү бекемдөө зарылчылыгын сынга алгандар да бар.

- Чынында курактык чекти белгилөө аракети элдин динге ыктоосун жана коомдук мамиледеги, тажик коомунун аң-сезиминдеги диндин ролун азайтуу. Бул Конституцияга эле эмес, көптөгөн эл аралык укуктук актыларга да туура келбейт. Бийлик элдин жеке иштерине, анын ичинде диний сезимдерине кийлигише бербей, экономиканы бекемдеп, мүмкүнчүлүктөрдү жаратса жакшы болмок. Бирок стратегиялык маселелерди чечүүнүн ордуна майда нерселер менен алектенгени күлкү келтирерлик, - дейт Тажикстандагы юридика илимдеринин доктору Шокиржон Хакимов.

Курактык тыюу чын-чынында жаштардын динге берилүүсүнүн алдын алуу чараларынын бири деп да эсептегендер бар.

Анткени буга чейин Тажикстанда мектеп окуучуларына хижаб кийүүгө, жашы жетелектердин мечиттерге баруусуна тыюу салынган.

Ошондой эле бийлик акыркы жылдары Сирия менен Иракта согушуп жаткан экстремисттерге кошулган тажикстандыктар көбөйүүдө деген маалыматтан улам чет мамлекеттердеги диний окуу жайларда окуган студенттерин өлкөгө кайтууга мажбурлоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG