12-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 16...21, күндүз 28...33;
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 24..29;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 17...22, күндүз 28...33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26;
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 19...21, күндүз 29...31 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.