Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория "Ислам мамлекети" террордук тобундагы булактарынан уюмдун лидери Абу Бакр-ал-Багдади өлгөнү тууралуу маалымат алганын жарыялады.
11-июлда жасаган билдирүүсүндө обсерваториянын башчысы Рами Абдель Рахман Багдади Сириянын чыгышындагы Дейр-эль-Зор провинциясында каза тапканын айтканы менен, качан жана кандай жагдайда жарык дүйнө менен коштошконун ырастаган жок.
Рейтерс Пентагондо Багдадинин өлүмүн бышыктаган маалымат жоктугун жазды. Ушул эле күнү Ирактын "Ал-Сумария" телеканалы өз булактарына шилтеме жасап, Багдадинин көз жумганын кабарлады.
Бир ай мурда Орусиянын Коргоо министрлиги Ракка шаарынан өтө алыс эмес Дейр-эл-Зордогу абадан жасалган чабуулдарда Багдади жок кылынды деген кабар тараткан.
Багдадинин өлүмү тууралуу буга чейин бир нече ирет ырасталбаган маалыматтар тараган.