Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Москвада өрттөн жабыркаган кыздардын абалы дурус


Алардын бири - Таалайкан Нарбекова кадимки палатага которулду. Экинчиси - Рахатай Абдуллаева реанимацияда кала берүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Акыркы маалыматтар боюнча, 10-июлдагы өрттөн жабыркаган мекендештерибиздин абалы оңолуп баратат. Алардын туугандары менен байланыштык. Орусиядагы элчилик бул ишти көзөмөлүнө алып турат.

Өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар Москвадагы Склифосовский атындагы ооруканага оор абалында жеткирилген.

10-июлда Москванын түндүгүндөгү "РИО" соода борборунда өрт чыккан. Андан 18 адам жараат алганы кабарланган.

Өткөн жылы 27-августта Москвада басмаканада өрт чыгып, 17 киши набыт болгон. Алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG