Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва өткөн жылдын соңунда АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обаманын 35 орус дипломатты өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимине жооп катары чараларды караштырып жатканын билдирди.
Австриянын Мауэрбах шаарында сүйлөп жатып Лавров "азыр биз конкреттүү чаралар тууралуу ойлонуп жатабыз" деп айтты. Ал Вашингтондун бул кадамын "кыжырды келтирерлик" деп атады.
Американын чалгын кызматтары Орусия АКШдагы шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүгө аракет кылганын аныктаганда Обама дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Орусия АКШдагы шайлоонун жүрүшүнө эч тиешеси жоктугун айтып келет.
11-июлда орусиялык "Известия" басылмасы Тышкы иштер министрлигиндеги өз булактарына шилтеме жасап, Москва отуздай америка дипломатын үйлөрүнө кайтарууну көздөп жатканын жазды.