Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:17

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун гематология бөлүмүндө жаткан балдар ысыкка чыдабай мурдунан кан агып жатканы тууралуу маалымат чыккандан кийин ыктыярчылар ошол күнү бөлүмгө үч кондиционер белек кылганын бөлүмдүн социалдык педагогу Зухра Мочанова “Азаттыкка” билдирди.

Бөлүмдөгү эски кондиционерлер иштебей калып, кан оорулуу балдар кыйналып жатышкан. Педагог коомчулуктан жардам сурап, социалдык тармактарга кайрылары менен ишкерлер жана карапайым адамдар ошол замат жардамга келишкен.

“Учурда эки кондиционерди “Бишкек-Петролиум” ишканасы коридорлого орнотуп жатат. Дагы бирөө жакынкы күндөрү алып келинет. Мындан тышкары каалоочулар улам телефон чалышып, палаталарга да кондиционер орнотуп берүүнү сунуштоодо”, - деди Зухра Мочанова.

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун гематология бөлүмү 35-40 оорулууга эсептелинген. (BCh)

XS
SM
MD
LG