Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:42

Жергиликтүү ишкерлерге өкмөт каржылык колдоо көрсөтөт


Экспорт жана импортко багытталган атамекендик өндүрүүчүлөр мамлекеттен каржылык колдоо алышат. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, каржылоонун жалпы суммасы 350 млн. сомду түзөт.

Каржы министрлиги долбоорду келерки жылы үч бөлүктө каржылайт. Өкмөт бул долбоор өндүрүштө жумушчу орундарын саныy көбөйтүп, калктын чет элге миграциянын деңгээлин азайтып, атаандаштыкты күчөтөөрүнө үмүт артууда.

Долбоордун алкагында каражатты коммерциялык банктар менен финансы-насыя мекемелер жеңилдетилген үстөк пайыз менен беришет.

Өкмөт жеңилдетилген насыяларды берүүдө мекемелердин чыгымдарын республикалык бюджеттин эсебинен субсидиялайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG