Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

БШКга дагы үч адамдан арыз түштү


Президенттик шайлоого катышуу үчүн үч адам өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу арыз жазды. Алар «Империал Девелопмент» ЖЧКнын башкы директору Куттубек Бешбаков, «Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору» ЖКЧнын башкы директору Игорь Трофимов жана убактылуу жумушсуз Максатбек Жумабеков.

Жыйынтыгында 12-июлга карата президенттик шайлоого талапкер катары каттоого арыз бергендерин саны 22 адамга жетти.

Алардын ичинен үч талапкерди партиялар көрсөтсө, калган 19у өзүн өзү көрсөткөндөр. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG