Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Шамкеев: миңден ашык жаран ипотекалык насыя алды


Беш ай ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2 миллиард сомдук ипотекалык насыя берилди. Бул тууралуу өкмөттөгү маалымат жыйында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди. Анын негизинде 1410 адам ипотекалык насыя алды.

Шамкеев кошумчалагандай, Германиянын Өнүктүрүү банкы 11 млн. евро бөлүп берүү алдында турат. Бул боюнча атайын келишимге кол коюлган.

Өкмөт каражатты грант катары алып, Каржы министрлиги келген акчаны Мамлекеттик ипотека компаниясына котормокчу. Түшкөн каражаттын бир бөлүгү айыл жергесинде үйлөрдү салууга жумшалат.

Кыргыз өкмөтү “Арзан турак жай” программасын ишке ашыруу үчүн былтыр Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзгөн. Муну менен бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай алуу, куруу үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берүү каралган. Коомчулукта бул шарттар мамлекеттик кызматкерлерге ыңгайсыз деген пикирлер арбын чыккан.

Бүгүнкү күндө ипотекалык насыя жылына 10-12% үстөк менен берилип келет. Буга чейин Жогорку Кеңеште айрым депутаттар үстөк пайыз 10% ашпоосу керек деген пикирин билдиришкен эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG