Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:52

141 адам мамлекеттик сыйлыкка ээ болду


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бүгүн, 12-июлда президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык, маданий жана интеллектуалдык тармактын өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырды. 141 адам II, III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" медалын тагынып, Эмгек сиңирген ишмер, мугалим, дарыгер наамына ээ болуп, дагы жоон топ адистер ардак грамота менен сыйланышты.

Мамлекет башчы сыйлык алгандардын арасында мугалимдер көп экенин белгилеп, акыркы мезгилдеги билим берүү тармагына бөлүнүп жаткан каражатка токтолду.

- Акыркы жылдары мугалимдердин айлыгы төрт эсе өстү. Бизде мамлекеттик казынанын 24 пайызы билим берүү тармагына бөлүнөт. Мындай башка мамлекеттерде жок. Менин мугалимдерге жардам кылып кетсем деген тилегим бар эле, – деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле белгилүү маданият ишмерлеринен Келдибек Ниязов, Алтынбек Сапаралиев, Зейнеп Шакеева "Кыргыз Эл артисти" наамын алышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG