Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Атамбаев: “Пиалада кантың барды” баарыбыз ырдадык


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн руханий өнүгүшүнө салым кошкон адамдарды сыйлап жатып, Кыргыз эл артисттери Зейнеп Шакеева менен Алтынбек Сапаралиев жөнүндө айтып өттү.

- Эсимде бар, Алтынбек Сапаралиевди туурап «Пиалада кантың бар» менен «Стамбулдун кыздарын» айылдагы жигиттердин баары, орустар да кошо кыңкылдап жүрчү. Зейнеп эженин аткаруусундагы «18 жаш» менен «Чагылган» болсо, кыз-келиндердин оозунан түшчү эмес. Азыр да Зейнеп эженин ошондогу аткаруусу жүрөктү эзип кетет, - деп кошумчалады ал.

Мамлекет башчысы бүгүн сыйланган кыргызстандыктар - элибиздин сыймыгы экендигин баса белгиледи.

Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо 133 адамдын ар бирине 10 миң сомдон акчалай белек тапшырды. (SDz)

XS
SM
MD
LG