Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Нобел сыйлыгынын ээси Лю Сяобонун саламаттыгы начарлады


Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Лю Сяобо жубайы Лю Ся менен. 22.10.2002. AFP.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Лю Сяобо жубайы Лю Ся менен. 22.10.2002. AFP.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, кытайлык Лю Сяобонун саламаттыгы начарлап кеткенин ал дарыланып жаткан жергиликтүү ооруканадан маалымдашты.

12-июлда Кытайдын түндүк-чыгышындагы Шэньян шаарындагы ооруканадан маалымдашкандай, 61 жаштагы диссидент боор рагы менен жабыркап келет.

Лю ооруканага абакта жаткан жеринен которулган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары расмий Бээжинди Лю Сяобонун дарылануусу үчүн ага чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүгө чакырышкан. Анын абалы менен 7-июлда таанышкан америкалык жана немис дарыгерлери ал сөзсүз чет мамлекетке чыгарылышы керектигин айтышкан.

Лю Кытайда мамлекеттик бийликтин кадыр-баркына шек келтирди деген доо боюнча 2009-жылы абакка кесилген. Ал Кытайдын авторитардык режимин сындап, демократиячыл багыттагы реформага чакырган "Хартия-08" деп аталган манифестти жазган эле. Муну менен укук коргоочу төртүнчү жолу абакка кесилген.

2010-жылы укук коргоочу Кытайдагы адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыктуу болгон. Нобел комитети Сяобону "Кытайда адам укуктарынын түпкүлүктүү принциптерин узак мезгил бою зомбулуксуз ыкмалар менен жактап келаткан күрөшкер" деп сыпаттаган. Бирок Сяобо жана анын жакындары Ослодогу бул сыйлыкты алуу аземине катыша алган эмес.

XS
SM
MD
LG