Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Молдовадагы бейөкмөт уюмдар өкмөткө кайрылуу жасашты


Молдовадагы Укук ресустары боюнча институтунун юристи Илие Киртоака.
Молдовадагы Укук ресустары боюнча институтунун юристи Илие Киртоака.

Молдовадагы 20га чукул алдыңкы бейөкмөт уюмдар өкмөткө ачык кайрылуу жасап, "саясий ишмердүүлүккө" аралашкан бейөкмөт уюмдарга чет өлкөлөрдөн каржы алууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышты.

Молдова Европадагы эң жакыр мамлекет болуп саналгандыктан, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын токсон пайызы чет жактан каржыланат.

Укук ресурстары боюнча институттун юристи Илие Киртоака "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде мындай мыйзам бир да Батыш мамлекетинде жок экенин айтып, бул долбоор Евробиримдик менен Молдова ортосундагы ассоциация келишимине каршы келерин билдирди.

Молдованын парламенти менен өкмөтү европачыл фракциялар тарабынан көзөмөлдөнгөнүнө карабастан, соңку жумада өкмөт бир катар карама-каршылыктуу мыйзам долбоорун сунуштады. Шайлоо системасын реформалоо боюнча сунушталган мыйзам долбоору ЕККУ, Венеция комиссиясы тарабынан сынга кабылды.

XS
SM
MD
LG