Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:12

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки киши набыт болду


Chechnya, car accident, road eccident
Chechnya, car accident, road eccident

Ал эми он жана он бир жаштагы эки бала жараат алып, Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Автокырсык 12-июль күнү Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында болгон.

Аймактык оорукананын башкы врачы Алмира Алдашеванын "Азаттык" радиосуна маалымдаганы боюнча балдардын акыбалы орточо оор:

- Бизге эки баланы алып келишти. Хирургия бөлүмүнө жаткырдык. Экөө тең башынан жаракат алышкан, баш мээси чайкалган.

Ал эми Ысык-Көл районундагы жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тимур Кадыорвдун "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, набыт болгон эки адамдын бири балдардын 50 жаштагы апасы жана 13 жаштагы бир тууганы болгон:

- Кырсыкка кабылгандар бир үй-бүлө мүчөлөрү. Рулда атасы болгон, Бишкектен эс алганы келе жатышкан экен. Аялы кырсык болгон жерде набыт болгон, 13 жаштагы бала оорукананын реанимация бөлүмүндө каза болду.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылы жол кырсыгы көп катталды. Кайгуул-күзөт башкармалыгы жыл башынан бери 2582 жол кырсыгы катталганын маалымдады. Бул өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда 4,2% көп. Кырсыктан 307 киши набыт болуп, 3835 адам жараат алган.(ZKo/AsM)

XS
SM
MD
LG