Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

ӨКМдин ишинде коррупциялык схемалар аныкталды


Аюу-Сайдагы жер көчкү. Өзгөн. 2-май, 2017-жыл
Аюу-Сайдагы жер көчкү. Өзгөн. 2-май, 2017-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинде 11 коррупциялык жана коррупция жаралуусу ыктымал делген 49 тобокел аймак аныкталды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Анда айтылгандай, ӨКМдин ишмердүүлүгү боюнча Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жумушчу тобу иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын кезектеги отурумунда караган. Иликтөө Эсеп палатасынын актыларын, кызматтык иликтөөлөрдү, жарандардын арыздарын жана ӨКМге байланыштуу кылмыш иштерин эске алуу менен жүргүзүлгөн.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча масштабдуу иш жүргүзүлгөнүн белгилеп, министрликте коррупциядан коргоочу система түзүү зарылдыгын айтты. Анын сөзү боюнча, ӨКМдеги коррупциялык тобокелдиктер кырсыктардын алдын ала эскертүү, кырсыктардын кесепеттерин жоюу, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, министрликтин мүлктөрүн пайдаланууда келип чыгуусу ыктымал. Мындан тышкары каржылык жактан мыйзам бузуулар да бар.

"Эксперттердин белгилөөсү боюнча, министрликтин алдындагы мекемелердин иши натыйжасыз болуп жатканы да коррупцияны жаратуусу ыктымал. Жумушчу топтун мүчөлөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын себептерин аныктоо жана ага каршы чараларды көрүү үчүн дагы кошумча изилдөө зарылдыгын белгилешти" деп айтылат маалыматта.

2017-жылы Кыргызстанда табигый жана техногендик кырсыктар көп катталган. Кар көчкү, жер көчкүдөн, селден жабыркагандарды коопсуз жерлерге көчүрүү аракеттеринин солгундугуна жана кырсык тууралуу алдын ала эскертүүлөр жетишсиз болгонуна элдин нааразылык билдирген учурлары катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG