Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:13

Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Суу, Авлетим жана Кара-Суу айыл аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаап, селге айланган. Кара-Суу айыл аймагынын Кожо-Ата, Жүзүмжан жана Чалдыбар айылдарында мөндүр катуу жааганы айтылууда. Жергиликтүү тургундар интернетке жайгаштырган сүрөт-видеолордон мөндүрдүн катуу жааганын көрүүгө болот.

Мөндүрдүн кесепетинен аймактагы жаңгак жана башка бак-дарактары, талаадагы жашылча-жемиштер жабыркаган. Ушул тапта ӨКМдин аймактагы жарандык коргонуу комиссиясы жабыркаган аймактарга барып, мөндүр менен селдин кесепеттерин аныктоого киришкенин министрликтин Жалал-Абат облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди:

- Нөшөр мөндүргө айланган. Андан кийин сел жүрүп, айрым үйлөрдү каптаган. Учурда биздин адистер иштеп жатат. Мен өзүм да министрдин тапшырмасы менен Аксыга жөнөп баратам.

Июнь айынын башында Аксы районунда сел коркунучунан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген эле.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG