Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:34

Ошто кафеде газ баллон жарылды


Иллюстрация

Кечээ Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы “Встреча у Дастана” кафесинде газ баллон жарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Авазбек Айтиев “Азаттыкка” билдиргендей, жарылуу “Встреча у Дастана” кафесинде кечки саат алтыда болуп, окуядан бир адам каза болду. Мерт болгон аял 1970-жылы туулган кафенин ашпозчусу болгон.

Мындан башка дагы бир адам ууланып, ооруканага жеткирилди. Жарылуудан кафенин 350 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Учурда адистер газ баллондун жарылуу себебин иликтеп жатышат. (YI\SDz)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG