ЮНИСЕФтин Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан 13-июлдан 18-июлга чейин биринчи жолу Кыргызстанда болот.
Ал саламаттык сактоо, билим берүү жана балдарды коргоо чөйрөлөрүндө кырдаалды жакшыртуу боюнча жетишилген жыйынтыктарды, ошондой эле 2018-2022-жылдарга өкмөтү менен ЮНИСЕФ ортосунда балдар үчүн стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулайт.
Иш сапардын алкагында Афшан Хан айым премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү менен жолугат. Ошондой эле транс чек аралар аралык программа менен таанышып, ооруканаларды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн борборлорду, балдарды коргоо борборлорун кыдырып, балдар укуктарын коргоодо өлкө кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканы тууралуу кенен маалымат алат. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүргүзөт. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.