Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет контртеррористтик иш-чаралардын алкагында эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү деп шектелген 23 жаштагы Н.С. аттуу Кыргызстандын жаранын кармаганын билдирди.
Ал 2015-жылы чет өлкөдө жүргөндө террористтик уюмдагы мүчөлөрдүн үгүтү менен Сирия-Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймакка жиберилген. Ал жакта атайын даярдыктан өткөндөн кийин террористтик жашыруун уюм түзүү максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Учурда кармалган адамга Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси менен(жалданмачылык) кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. (SDz)