Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Айсулуу Тыныбекова дүйнө рейтингинде 3-орунду сактап калды


Эркин күрөштүн бирдиктүү дүйнөсү (United World Wrestling) июль айындагы балбандардын рейтингин жарыялады. Анда кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 58 кг салмакта дүйнөнүн үч алдыңкы спортчулардын катарындагы ордун сактап калды.

Тыныбекова үч ай мурун күчтүү балбандардын үчилтигине кирген. Ал май айында Индиядагы Азия чемпионатында жана Бакудагы Ислам тилектештик оюндарында биринчиликти алып, рейтингдеги 4-орундан бир орунга өйдө көтөрүлгөн.

Рейтингдеги биринчи орунда дагы деле жапон Каори Ичо турса, экинчи сапта Тунистин балбаны Марва Амри келатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG