Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:21

Бразилияда мурдагы президент түрмөгө кесилди


Мурдагы президент Лула да Силва Бразилиядагы социалисттик Эмгек партиясынын негиздөөчүлөрүнөн саналат. 10.5.2017. REUTERS.

12-июлда жарыяланган сот өкүмүнө ылайык, Бразилиянын мурдагы президенти Луис Инасиу Лула да Силва (Luiz Inacio Lula da Silva) тогуз жарым жылга кесилди.

Сот 72 жаштагы Лула да Силваны коррупцияга аралашканы жана арам акчаны адалдаганы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Прокурорлордун эсебинде, мурдагы президент кызматта турган кезинде мамлекеттик Petrobras мунай-газ компаниясы менен байланышы бар курулуш компаниясынан наркы 3,7 млн реал же 1,1 миллион доллардык батирди белекке алган.

Бразилиянын мыйзамдары боюнча өкүм экинчи середеги (инстанциядагы) сотто бекитилгенде гана күчүнө кирет; ага чейин кылмышка шектүү эркиндикте эле жүрөт.

Мурдагы президенттин адвокаттары сот чечимине каршы апеляцциялык арыз жолдошоорун билдиришти.

Ал эми Лула да Силванын сот өкүмүн саясий жүйөсү бар деп санаган жактоочулары Сан-Паулу шаарында нааразылык демонстрациясына да чыгышты.

Луис Инасиу Лула да Силва Бразилияда 2003-2011-жылдары эки мөөнөт президенттик кылган жана 2018-жылкы президенттик шайлоого катышуу ниети бардыгын да жарыялаган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG