Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:59

Трамп уулу орусиялык адвокат менен жолукканын билген эмес


Дональд Трамп уулу менен шайлоо өнөктүгү учурунда. 4-март, 2016-жыл.

АКШ президенти бул тууралуу Рейтер агенттиги менен интервьюсу учурунда билдирди. Анын айтымында, былтыркы шайлоо өнөктүгү учурунда уулу, кенже Дональд Трамп орусиялык адвокат Наталья Весельницкая менен жолукканын “саналуу күн мурда” эле укту.

АКШ президенти белгилегендей, 2016-жылдын июнь айында болгон бул “20 мүнөттүк жолугушуу” менен уулу кандайдыр бир укук бузууга барды деп санабайт.

Анткен менен кенже Дональд Трамптын орусиялык адвокат менен кездешүүсү АКШда президенттикке талапкерлердин чет өлкөдөн баалуу бир нерсе алышына тыюу салган мыйзамды бузган жокпу деген суроо жаратууда.

Мындай арыз, даттануу Демократиялык партиянын мыйзамгерлери тарабынан АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына берилди.

Кенже Дональд Трамп өзү буга чейин мазмунун коомчулук үчүн жарыялаган электрондук катында ал атасынын атаандашы Хиллари Клинтонго зыян келтиргидей маалыматтары бар жана орус өкмөтүнүн адвокаты деп айтылган аял менен жолугууга дилгирлик менен макул болгону ачык айтылган.

АКШда азыр президент Трамптын былтыркы шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен ыктымал байланыштары Конгресс жана ФБР тараптан да иликтенип жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG