Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Түп: эки адам көлгө чөгүп кетти


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Адис Кыдыкбаев билдирди. Анын айтымында, окуя Ынтымак айылында жайгашкан "Факел-Үмүт" пансионатынын жээгинде катталды.

Эс алып жүргөн Ош мамлекеттик университетинин эки студенти көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге Каракол шаарынын өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери, суучулдар барышкан.

Издөө иштеринен кийин саат 14:30 чамасында биринин сөөгү табылган. Учурда экинчи баланын сөөгүн издөө иштери жүрүп жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG