Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:23

Мамлекеттик экотехинспекция кызматынын жетекчилери акыркы убактарда газ баллондорунун көп жарылып жатканына байланыштуу маалымат беришмекчи. Ошондой эле бүгүнкү брифингде адистер мындай кырсыктын алдын алуу боюнча коопсуздук чаралары тууралуу да айтып беришет. Бул тууралуу экотехинспекциянын басма сөз кызматы кабарлады.

12-июлда Оштогу кафелердин биринде газ баллону жарылып, 47 жаштагы ашпозчу мерт болгон. Дагы бир адам ууланып, ооруканага жеткирилген.

Жарылуудан кафенин 350 чарчы метр аянты өрттөнгөн.
19-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу станцияда болгон жарылуудан үч киши набыт кеткен. Жети адам оор жараат алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG