Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:02

Кыйноого шектелген милиционерлер үй камагына чыгарылды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кеңсеси.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кишилерди кыйноого шектелген эки опер кызматкери үй камакка чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2015-жылы Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого тушукканын айтып, арыз менен кайрылган. Ал ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облустук милициясына алып барып, жалган айыпты моюнуна алдыруу үчүн уруп-сокконун билдирген.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, арыздануучунун оор жаракат алганы аныкталган.

Факт боюнча кылмыш иш козголуп, 2017-жылы ИИМдин кылмышка шектүү эки кызматкери УКМКнын тергөө абагына убактылуу камакка алынган. Аларга Кылмыш кодексинин “кыйноо”, “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмышка шектүү милиция кызматкерлерин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Учурда Башкы прокуратура бул ишти тергөө улантылып жатканын кабарлады. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG