Кыргыз жеринде балдардын эл аралык этнокарнавалы башталды
Бишкекте 14-июлда балдардын “Ысык-Көл досторун чакырат-2017” эл аралык этно- карнавалы башталды. Салтанаттуу жүрүш менен башталган карнавал Ысык-Көлдө уланат. Ага Кыргызстан, Индия, Өзбекстан, Орусия, Казакстандан келген өнөрлүү 550дөн ашык бала катышат. Көл жээгинде балдар бийлөө, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо боюнча сынактарда ат салышат. Быйыл сегизинчи жолу өтүп жаткан карнавалды Билим берүү министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштуруп келет. 13-июлда башталган иш-чара 20-июлда жыйынтыкталат.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 18, 2026Украинанын оккупацияланган аймактарында Орусия шайлоо өткөрүүдө
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 17, 2026Алты жыл күткөн эркиндиктин абасы
-
Сентябрь 17, 2026Мектепте китеп тартыш: Агартуу министрлиги менен "Учкундун" түшүндүрмөсү
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"
-
Сентябрь 16, 2026Сеулдагы саммит: Борбор Азия Түштүк Кореянын инвестициясына кызыгат