Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:18

13-июлда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Колпино районундагы өрттө өлгөн жети кишинин баары өзбекстандыктар экени ырасталды.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, өрттөн Хорезм облусунан барган 19-50 жаштардагы эркек кишилер каза тапкан.

Өрт райондогу өндүрүш ангарынан чыккан. Жергиликтүү бийлик эмгек мигранттары анын аймагында жашап, иштешерин билдирет.

Учурда кырсыктын кесепеттери териштирилип, өлгөндөрдүн тек-жайы такталып жатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG