Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Лондондо өспүрүм кислота чабуулуна шектелип кармалды


Кислота чабуулуна шектүүнү кармоо учуру
Кислота чабуулуна шектүүнү кармоо учуру

Британиянын борбору Лондондо полиция бир нече адамга кислота чачкан деп шектеп өспүрүмдү кармады. Андан кеминде бир адам жабыркаган.

Полиция кылмыштуу аракет 13-июлдун кечинде болгонун билдирет. Мопед минген эки киши башка бир мопедчендин бетине кислота чачып, унаасын тартып алышкан. Ошондон кийинки бир жарым саат ичинде андай кылмыштардан дагы төртөө катталган. Иликтөөчүлөр инциденттердин бири-бирине байланышы бар болушу мүмкүн деп шек санап жатышат.

Шектүүнүн тек-жайы, кылмышка шыкак берген жагдайлар азырынча белгисиз.

Акыркы үч айда Британияда бийлик теракт деп атаган, адам өмүрлөрүн алган төрт кол салуу болду.

XS
SM
MD
LG