Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Британия: террор коркунучу күчүндө


Лондон полициясы издөө иштерин улантууда. 4.6.17.
Лондон полициясы издөө иштерин улантууда. 4.6.17.

Лондондогу 7 кишинин өмүрүн алган террордук чабуулга "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчиликти алды. Акыркы үч айдагы үчүнчү кандуу чабуулдан кийин оппозиция өкүлдөрү Тереза Мэй жетектеген британ өкмөтүн сынга ала башташты.

3-июндагы террордук чабуулдан кийин Лондон шаарындагы жашоо акырындап калыбына келе баштады. Кол салуу болгон Лондон көпүрөсү жарым жартылай жана ага жакын жайгашкан метро бекеттери толук ачылды. 8-июнга белгиленген парламенттик шайлоонун үгүт иштери кайра жанданды.

Ишембинин кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзүп, унаанын ичинен чыккан үч киши "Бороу маркет" районундагы ресторанда отурган кишилерди бычактаган. 7 адамдын өмүрүн жалмап, элүүгө чукул адамды жарадар кылган кишилерди полиция атып өлтүргөн. Бул кол салууга "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчиликти алды.

Полиция кол салгандардын тек-жайын аныктаганын, бирок азырынча алардын аты-жөнүн жарылабай турганын билдирди. Лондондун эки аймагында рейд жүргүзүлүп, бир нече адам кармалганын Лондон шаардык полициясынын башчысы Крессида Дик кабарлады:

"Бул чабуул тууралуу алдын ала билгендер, же ага көмөк көрсөткөндөр тууралуу маалыматтарды чогултуу үчүн жүздөгөн офицерлер иштеп жатат. Камоолор болуп жатат. Учурда 12 адам камакта. Лондондо тинтүү иштерин жүргүзүп, окуя болгон Лондон көпүрөсү жана "Бороу маркет" районун иликтеп жатабыз. Өтө көп сандагы материалдарды топтодук".

Лондон көпүрөсүндөгү чабуулдан жабыркагандар
Лондон көпүрөсүндөгү чабуулдан жабыркагандар

Ошентип Британияда март айынан бери үч террордук чабуул болду. 22-мартта парламенттин имаратынын жанындагы Вестминстер көпүрөсүндө да автоунаа жөн-жай тургундарды тебелетип кетип, андан беш киши мерт болгон. Андан туура эки ай өткөндөн кийин Манчестер шаарында ырчы Ариана Гранденин концертинде бомба жарылып, 22 киши көз жумган. Курмандыктардын басымдуу бөлүгүн өспүрүмдөр менен жаштар түзгөн. Ишемби күнкү чабуулга карабастан 4-июнда Манчестер стадионунда белгилүү Батыш ырчылары катышкан кайрымдуулук концертти өттү.

Британиядагы бул чагымчыл кол салуулардан кийин оппозиция өкүлдөрү премьер-министр Тереза Мэйдин өкмөтүн сындай башташты. Алар өкмөттүн полиция кызматкерлеринин санын кыскартуу чечими чабуулдардын алдын алууга тоскоол болгонун айтышат. Өкмөттү сындагандардын башкы сабында Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин да бар:

"Калкты аз акчага коргой албайсың. 20 миң полиция кызматкерлерин кыскарткандын ордуна полиция менен коопсуздук кызматтарына жетиштүү ресурс берилиши керек. Полиция федерациясы Тереза Мэйге эскертүү берген. Бирок Мэй аларды негизсиз жардам сурайт деп айыптаган".

Тереза Мэй (солдо) жана Жереми Корбин
Тереза Мэй (солдо) жана Жереми Корбин

Өкмөт башчы Тереза Мэй болсо кыскартуулар боюнча айыптарды четке кагып, террорчулукка каршы күрөшүү кызматтарына жетиштүү каражат бөлүнгөнүн айтты. Ал дүйшөмбү күнү кабинет мүчөлөрүн "КОБРА" аттуу чукул жыйынга чогултуп,террорчулукка каршы чараларды талкуулады. Мэй коркунуч басаңдай элек деп айтты.

"Террорчулукту иликтөөчү биргелешкен көз карандысыз борбор коркунуч дале жогору экенин ырастады. Бул дагы чабуул болушу мүмкүн дегенди билдирет. Полиция коомдук жайларда, Лондондун көпүрөлөрүндө кошумча чараларды көргөнүн кабарлады. Ишембидеги окуядан жабыркагандардын тек-жайы аныкталып жатат. Бирок курмандыктар бир нече өлкөнүн жарандары экени бышык. Бул чабуул Лондонду, Улуу Британияны, ошондой эле эркин дүйнөнүн бутага алды".

Манчестердеги кайрымдуулук концерти
Манчестердеги кайрымдуулук концерти

Бул чабуулду дүйнө лидерлери айыптап, британ коомуна көңүл айтышты. Алардын арасында француз президенти Эммануэл Макрон, немис канцлери Ангела Меркел, орус президенти Владимир Путин жана АКШ лидери Дональд Трамп да бар. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да Тереза Мэйге көңүл айтуу катын жөнөттү.

Террордук чабуулдарга карабастан 8-июнга белгиленген парламенттик шайлоо өз убагында өтө турган болду. Тереза Мэй апрель айында Брексит боюнча Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрдөн мурда элдин ишенимине муктаж экенин айтып, чукул шайлоо жарыялаган. Анда Мэйдин Консерваторлор партиясы негизги атаандашы Лейбористтерден 20 упайга алдыда эле. Андан бери лейбористтер ажырымды сегиз пайызга чейин азайтканга жетишти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG