Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Быйыл экспорттун көлөмү 30 пайызга өстү


Быйылкы жылдын беш айында экспорт 30 пайызга өстү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөргөн экспортту өнүктүрүү боюнча жыйында айтылганын өкмөттөн кабарлашты. Анда премьер өткөн беш ай ичинде экспорттун көлөмү 657,7 миллион долларды түзгөнүн билдирди.

Жыйын жүрүшүндө Жээнбеков экспортту өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштелип жатканын, анын алкагында экспортко багытталган ишканаларды колдоо мүмкүнчүлүктөрү караларын билдирди.

Буга чейин өкмөт экспорт жана импортко багытталган атамекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттен каржылык колдоо убада кылган. Анда каржылоонун жалпы суммасы 350 млн сомду түзөрү айтылган

XS
SM
MD
LG